Сүлүктүдө шахта урап ичинде бир адам астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 22-декабрда саат 10.40 чамасында "Ашымбай" кени кулап, астында бир адам калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын өздүгү такталууда.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар, тез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери тартылган. Шахтёрду издөө иштери уланууда
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн