Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 12:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Сүлүктүдө көмүр шахтада урандынын астында калган 2 жаран куткарылды

08.01.2024 12:56
568
Сүлүктүдө көмүр шахтада урандынын астында калган 2 жаран куткарылды


Сүлүктү шаарындагы "Южный 3" шахтасында урандынын астында калган 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат шахтанын кызматкерлери тарабынан 7-январда саат 19:49да түшкөн. Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы жана ыкчам аракети менен кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х.ны, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандар аман-эсен куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, издеп-куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн