Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сүлүктүдө "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилди

16.03.2021 22:36
626
Сүлүктүдө "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилди

"Бүтүн Кыргызстан” партиясында  талапкерлердин тизмесин түзүүдө көйгөйлөр жаралды. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын АШКсы билдирди.


Маалым болгондой, Сүлүктү Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.


АШКнын маалыматы боюнча, тизме мандаттарга талапкерлерди көрсөтүүдө тартип бузулган. Саясий партия мыйзамды сактабай, тизмеде сегиз эркек талапкер катары менен туруп калган, ошол эле учурда гендердик квота болуш керек. АШК партияга болгон ушул мыйзамсыздыкты белгилеп, аны оңдоону суранган. Түзөтүүдөн кийин талапкерлердин саны кыскарган, бирок мындай тартипте кайрадан мыйзам бузуу катталган.

Партия өкүлдөрү АШКнын чечими менен макул болгон эмес. Алардын билдиришинче, документтерди тапшыруу учурунда 47 талапкер болгон, аны оңдогондон кийин 38 талапкер калган, бирок ошол эле учурда Сүлүктү шаардык кеңешинде 31 мандат болгондуктан  мыйзам бузулган эмес деп эсептейт.Алар БШКдан АШКнын чечимин жокко чыгарууну суранышкан. Бирок департаменттин башчысы Нуржан Шайлдабекова шайлоо эрежелери башталгыч  тизмеге байланыштуу бардык мыйзамдары так сакталышы керек деп түшүндүргөн. Эгерде саясий партия талапкерлерди көрсөтүү жол-жобосун бузса, талапкерлердин санында дал келбестиктер болсо же гендердик квоталар принциби сакталбаса, АШК мындай тизмени каттай албайт.


Ошондой эле БШК Сүлүктү АШКнын чечими эске алынгандыгын белгиледи жана партия нааразылык билдирсе сотко кайрыла аларын кошумчалады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн