Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сүлүктүдө жол кырсыгынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

19.04.2021 12:08
1472
Сүлүктүдө жол кырсыгынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Сүлүктү шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жол эрежелерин сактоо максатында мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында Сүлүктү ШИИБнин ЖККК кызматкерлери коомчулук арасында үзгүлтүксүз иш алып барып келет.


Шаар аймагындагы ар бир мектеп айланасындагы жол белгилерин, жол чийиндерин көзөмөлдөшүп, кээ бир жок жерлерге сунуштарын беришүүдө.


Мындан сырткары жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, жол эрежелерине баш ийип айдоо боюнча айдоочулар менен профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.


Өткөн апта ичинде ЖККК кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 40 протоколдор толтурулду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн