Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сүлүктүдөгү шахтадан өрт чыкты

05.03.2020 15:02
1118
Сүлүктүдөгү шахтадан өрт чыкты



Баткен облусунун Сүлүктү шаарына жакын жердеги көмүр шахталарынын биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган шахтада өрт 4-март күнү чыккан. Ал жерге 7 куткаруучу тартылып, тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн. Ошондой эле шахтадагы газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен.


Эскерте кетсек, Сүлүктү Лейлек районундагы көмүр кенине бай шаар. Акыркы жылдары жер астынан казылып алына турган шахталарда кырсыктар көп катталып, бир топ адамдардын өмүрүн алган. Өткөн жылдын декабрь айында эле бир кен казуучу жайдан газга ууланып төрт киши каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн