Super TV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.
Маалыматка ылайык, Жоробеков 26-октябрда түнкү саат 23:30дар чамасында дарыканадан чыккан кезде 4 адам келип сабап, тепкилеген.
Ал ошол жерде эсин жоготуп, саат 04:30дар чамасында үйүнө жеткен.
Кабарчы буга чейин ага белгисиз адамдар чалып коркутканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн