Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сурабалдиеванын башкаларга моралдык сабак айтканга акысы барбы?

19.01.2021 13:34
775
Сурабалдиеванын башкаларга моралдык сабак айтканга акысы барбы?


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева АКИpress агенттигине ырчы Самара Каримованын айланасындагы окуялар боюнча өз пикирин билдириптир. Ал окуянын моралдык, этикалык жагына өзгөчө көңүл бөлгөн.


“Самара Каримова жаш, баары алдыда. Мен ага этикалык жана моралдык жактан баарын таразалап, жакшылап ойлонууну каалайм. Бул жерде эмгек жамааты да бар. Өткөн парламенттик шайлоону эстесеңер, мыйзам боюнча эч кимден жана эч нерседен ката таба албайсың, бирок этикалык жана моралдык маселе бар болчу” , - деген ал.


Негизи Сурабалдиева кызматка барууда моралдык, этикалык жагын биринчи орунга коё турган болгондо өзү азыркы ордунда отурмак эмес. Бул орунга сунушталса деле уяты ага барууга чыдамак эмес. Башка адам болгондо балким баш тармак. Анткени ал 5-6-октябрдагы топлоңдон кийин Садыр Жапаровго ачыктан-ачык каршы чыгып, анын артынан айтпаган сөздү айтканы жалганбы? Кайра уялбай анын өкмөтүнөн майлуу орунда ээлегени этикага туура келеби? Атамбаев, Бабановдор уюштурган кутумга аралашып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге каршы чыгып, аягында аксакалдан “кө...кө” жеп тынчыганын эл унутту деп ойлойбу? Эми мындай адамдын башкаларга моралдык сабак айтканга акысы барбы?


Сабыр Кошмуратов


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Ошондо Жапаровго каршы чыккан ,еми кызматта иштеп атат иуура емес денидей кызмат бироонун менчиги емес.Иштей алса иштей берсин.Кычык издеген кыргыз