Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 22:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Сурамжылоо: Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?

20.04.2021 15:33
6148
Сурамжылоо: Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?


Буга чейин коомчулукта өлкөдөн качып кеткен экс-президенттер Кыргызстанга келип, жегендерин төлөп беришсин деген демилге бир топ жолу козголгон. Азыркы күндө да Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жашы улгайып калды, кыргыздар ар дайым улууларга сый мамиле көрсөткөн, келип, мыйзам алдында жооп берип, өз өлкөсүндө жашай беришсин дегендер да жок эмес. Белоруссиядагы Курманбек Бакиевди алып келүүгө бийлик бир нече жолу аракет жасаган, бирок майнап чыккан эмес. 


Сурамжылоо аяктады

А сиз экс-президенттерди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?

Акчасын төлөп, ээн-эркин жүрө беришсин 372 добуш (48.19%)
Келип, мыйзам алдында жооп беришсин 245 добуш (31.74%)
Жок, колдобойм 136 добуш (17.62%)
Мага баары бир 19 добуш (2.46%)

Пикирлер (30)

Коопсуздук коду
Оморов Залкар
Алар да биздин жарандар, бирок кетирген каталарын моюунуна алып, айып пулду толосун да, мекенинде ээн-эркин жашасын !
үркүнов Мамасали
менин пикирим кыргызда алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген буларды кечириш керек жаш курактары улгайды дагы канча жашайт Алла билет келип өз жери өз элинде жашаганга не жетсин мен маакулмун
DiushenAskerov
1.000.000.000$ төгүп жашай беришсин.
Мурас
Мусулман эли кечиримдуу болуш керек
Эркин.
Ооба. алардын олкого келишине мумкунчулук берилиш керек жана алардан кечирим сурашыбыз да керек.