Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сурамжылоо: Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?

20.04.2021 15:33
6168
Сурамжылоо: Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?


Буга чейин коомчулукта өлкөдөн качып кеткен экс-президенттер Кыргызстанга келип, жегендерин төлөп беришсин деген демилге бир топ жолу козголгон. Азыркы күндө да Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жашы улгайып калды, кыргыздар ар дайым улууларга сый мамиле көрсөткөн, келип, мыйзам алдында жооп берип, өз өлкөсүндө жашай беришсин дегендер да жок эмес. Белоруссиядагы Курманбек Бакиевди алып келүүгө бийлик бир нече жолу аракет жасаган, бирок майнап чыккан эмес. 


Сурамжылоо аяктады

А сиз экс-президенттерди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?

Акчасын төлөп, ээн-эркин жүрө беришсин 372 добуш (48.19%)
Келип, мыйзам алдында жооп беришсин 245 добуш (31.74%)
Жок, колдобойм 136 добуш (17.62%)
Мага баары бир 19 добуш (2.46%)

Пикирлер (30)

Коопсуздук коду
Нурлан Маданбеков
Келип эн эркин журо беришсин кечиримдуу болушубуз керек атыны олтургонго эненди бер деген соз бар кыргызда
Чынарбек
Келип ээн эркин журоберсин
Акылай
Келсин, мен колдоймун. Кыргыз эли илгертен кен пейил, кечиримдуу эл болгон.
Улан
Жооп берсин
Кулахмат
Келип мыйзам алдында жооп беришсин деген сунушту колдодум. Бирок Акаев юридикалык тил менен айтканда "срок давности" отуп кеткенине байланыштуу жооп керчиликтен кутулуп кетиши мумкун. Эгерде 7 апарелде митингдин катышуучуларын атууга туздон туз катышы далилденбей калса Бакиевди дале ошондой жагдай кутуп турат. Ошондуктан жаныдан кургап, тезекке айланып келе жаткан бокту тепсеп сасытып албаш учун, аларды жон жайына эле койбойлубу.