Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Сурамжылоо: Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы керекпи?

02.12.2020 15:01
16917
Сурамжылоо: Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы керекпи?


30-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин бошотулушу боюнча күнөөлүү деп тапкан өкүмдү Жогорку Сот жокко чыгарды. Эми иш кайра тергелет. Буга байланыштуу Атамбаевдин адвокаттары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, аны бошотууну талап кылууда. Алар мурдагы президент Батукаевдин иши боюнча гана камалганын жүйө келтиришүүдө.  “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулук арасында ушул багытта сурамжылоо жүргүзөт.

Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы керекпи?

Жок 1000 добуш (69.20%)
Ооба 423 добуш (29.27%)
Мага баары бир 22 добуш (1.52%)

Пикирлер (246)

Коопсуздук коду
Садыр
Жок чыкпаш керек
Муктар Токтобаев
Кытайдан алган эки миллиард акчаны толосун анан чыгарып мамлекеттик жумушка кайтпай турган анан политикага аралашпай турган чечим чыкса жакшы болот.
Азиретали Гапаров
Камакта отурсун өмүрүнүн акырына чейин, элдин канын соруш кандай экенин көрсүн
Иманалиева Изат
Атамбаев оштондукка чыгыш керек
Акылбеков.
Карапайым элдин канын сорду , кайдагы шопур,сабатсыздардын баарын тегерегине чогултуп, кыргызстанды,20,,30,жыл артта калтырды ошон учун жазасын алыш керек.