Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сурамжылоо: Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?

21.12.2020 11:48
15385
Сурамжылоо: Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Алайда шайлоочулар менен жолугуп жатканда жашоочулардын бири мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Жапаров эл кечирсе Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келе турганын билдирди. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзөт.

Сиз Акаев менен Бакиевди кечиресизби?

Ооба 652 добуш (67.78%)
Жок 310 добуш (32.22%)

Пикирлер (235)

Коопсуздук коду
Чакаев Бактыяр
Ооба кечириш керек Кыргыз эл. Баарын кылган А. Атамбаев Ө. Текебаев Р. Отунбаева
Кылычбек Жакыпов
Кечирим бериш керек, бирок бир шарт менен, мамлекеттик казынага келтирилген чыгымдардын болжолдуу түрдө эсебин чыгарып, ошол чыгымдардын жок дегенде 70% тин кайтарып берүү жолу менен кечирип, Кыргызстанга кайтып келгенге мүмкүнчүлүк бериш керек!
Гулзат
Биринчи Атамбаевди чыгарышсын. Бирок Бакиевдин келишине каршымын
Apel Адылбекова
Тарых оз баасын берет. Бул президенттер мамлекеттин туптолушуно оз салымдарын кошкон. Мен эч кимисин куноолобойм. Туулган жерге албетте кайтарып алып келиш керек.
Малаева Гулназ Кубанычбековна. Жашым 36да.
Мен кечирим. Кечиргенди Аллах кечирет. Аллах учун кечирем. Оз элине, оз жерине келишине макулмун. Мен мигрантмын бироонун элинде жургон кандай экенин билем. Жаштарыда пайгамбар жашынан отту. Макулмун!