Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сурамжылоо: Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?

21.12.2020 11:48
15387
Сурамжылоо: Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кечиресизби?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Алайда шайлоочулар менен жолугуп жатканда жашоочулардын бири мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди алып келүү маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Жапаров эл кечирсе Акаев менен Бакиевди Кыргызстанга алып келе турганын билдирди. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукта сурамжылоо жүргүзөт.

Сиз Акаев менен Бакиевди кечиресизби?

Ооба 652 добуш (67.78%)
Жок 310 добуш (32.22%)

Пикирлер (235)

Коопсуздук коду
Нурбек Базарбаев
Болунбойлу жарылбайлы Бакиевтей адам керек Акаев ученный жакшы адамдар. Кайтарып алып келгиле. Кечиримдуу бололу. Кудайым озу баарына кубо.
Марлен
Кечиребиз буларды биз эмес аллахым озу суро жооп кылып алат
Абдулхомыт Асилов
Кыргызстана кайткандарына макулмын
Бактыгул
Эми эмне дейбиз эмне болсо да кыргыз ботон жерде журуп элинин ,жеринин кадырын билди . Айколдук кылып кайтаралы кечиримдуу бололу .
Айымкан
Кыргыз башка элде олуп кетишин каалабаймын. Султан соогун кордобойт дейт.
Асанова Нуржан
Мен макулмун. Бирок алар келсе дагы Бир ызы- чууларды башка кайра кыйрап калбай ызбы деген да ой болуп жатат. Акыл эстерине кирип элибизге жардам колун созуп жатышса билбей.????