Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 22:51
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Сурамжылоо: Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетиши керекпи?

09.08.2022 13:17
11144
Сурамжылоо: Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетиши керекпи?


Акыркы күндөрү борбор калаанын тургундары мэр Эмилбек Абдыкадыровдун алып барып жаткан иштерине нааразычылыгын социалдык тармактар аркылуу билдиришип, анын кызмат ордунан кетишин талап кылгандар да болууда.


Тургундар борбор калаанын тазалыгына, мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерине нааразы болушууда. Буга байланыштуу биздин редакция бишкектиктердин пикирин сурамжылоо аркылуу билүүгө аракет кылмакчы.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кетиши керекпи?

Ооба, кызматын алып бара албай жатат 463 добуш (53.40%)
Убакыт бериш керек, жаңы эле дайындалды го 392 добуш (45.21%)
Мага баары бир 12 добуш (1.38%)

Пикирлер (148)

Коопсуздук коду
Султан
Деги бизге ким жагат!? Үч ай сайын мэр алмаштырып, үч жыл сайын президент алмаштырып. Кайсыл инвесторлор келет анан. Инопланетянинди алып келип койсо да жакпайт бизге. Убакыт бериш керек! Эзели акталбаган үйлөр, столбтор акталып, сырдалып атат, көзгө көрүнгөнү эле...
Бакытбеков
Мэр болгонуна коп деле убакыт болгон жок, убакыт бериш керек
Саламат
Убакыт бериш керек
Марат
Жок кетпеш керек, жакшы иштеп жатат
шаар тургуну
кандайдыр бир жолдор менен шаардын мүлктөрүн менчиктештирип, анан ал жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салган киши, шаардын келечегин ойлойбу? же өз айылында кадыр баркка жетпеген, Бишкектен жетеби? командасы сабатсыз дегендерге кошулам