“Чоң казат” аттуу кыймыл жана анын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев “мамлекеттин эсебинен байыган” деген жүйө менен кээ бир адамдардын мүлкүн элге жарыялап, аларды жоопко тартууну талап кыла баштады. Бирок, аты аталган адамдар курулай жалаага кабылганын айтып, “Чоң казат” кайсы бир күчтөрдүн заказын аткарып жатканын билдирүүдө. Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан мындай демилге түрдүү пикирлерге да жем таштады. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги ушул багытта окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзөт.
Пикирлер (338)