Жетинин айы 26, 2024
Убакыт: 13:16
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.825
0.870

Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

06.12.2022 14:57
2500
Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Сунушталган мыйзам долбоору бюджеттик каражатты рационалдуу пайдаланууга багытталган.   

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн дагы иштеши керектигин белгилеп: "2019-жылы Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан атайын ажыратуу үчүн депутаттарга кысым көрсөтүп, мыйзамды кабыл алдырган.
Жашоо - бумеранг. Мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата да иштесин",- деди.


Сиз КРнын экс-президенттеринин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Ооба, колдойм! 51 добуш (59.30%)
Мыйзам бузса, артыкчылыктары алынып, жоопко тартылсын! 24 добуш (27.91%)
Жок, каршымын! 11 добуш (12.79%)

Пикирлер (18)

Коопсуздук коду
Алмагуль
С.Жээнбеков эн татыктуу,элине,жерине кызмат кылган президент болду.
Алмаз Жеенкулов
Атамбаев еле иш кылды, Бакиев Акаев эч бир Эл учун иш кылган жок
Чолпон
Мыйзам бузса артыкчылыктарын алуу керек
Омуржан
Жээнбеков кантип президент болгонун тушунбойм. Кантип президенттиктен кеткенин озу деле билбей калды окшойт. Ушундан акча экономдобой эле койгулачы
Жаран
Сокени аягыла. Анын ансыз деле жаны жок, суужурок неме. Кыбырап журо берсин