Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сурамжылоо: Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?

09.02.2023 11:47
1364
Сурамжылоо: Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?



Миңдеген адамдардын өлүмүнө себеп болгон Түркия менен Сириядагы зилзаладан кийин Кыргызстандагы курулуш тармагы актуалдуу темага айланды.


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын көпчүлүгү Кыргызстандагы анын ичинде өзгөчө Бишкек жана Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты начар экенин айтып, катуу жер титирөөгө туруштук бере албай турганын билдиришти.


Эл өкүлдөрү ар бир көп кабаттуу үйдө сейсмикалык талаптар сакталганбы же жокпу, алардын сапатын текшерүүнү талап кылышты.


Очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 12 миңден ашты. 



Мындай кырсыктан сактануу жана анын алдын алуу үчүн Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү колдойсузбу?

Ооба, сөзсүз, ар бир көп кабаттуу үйдүн сапатын текшериш керек! 149 добуш (96.13%)
Тиешелүү мекемелер жоопкерчиликтүү. 3 добуш (1.94%)
Түркия менен Кыргызстандын жер кыртышын салыштырууга болбойт. 3 добуш (1.94%)

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Таалай
Кудай сактасын
Садабаев Данияр
Текшеруу заарыл