Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрилиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталарын билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү биринчи болуп эмдөөдөн өтөрүн буга чейин да айтып келген.
Кыргызстандагы алгачкы эмдөө Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен жүргүзүлмөкчү. Коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги коомчулукка сурамжылоо жүргүзүп көрүүнү чечти.
Пикирлер (9)