Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сурамжылоо: Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн акча бересизби?

21.01.2021 11:40
5048
Сурамжылоо: Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн акча бересизби?


Жакында сузактык жеке ишкер мамлекеттин тышкы карызын кутулуу үчүн ачылган атайын эсепке 10 миллион сом которгону белгилүү болду. Ал бала бакча курууну көздөгөн каражатын сарамжалсыз иштетилген карыз үчүн бергенин айткан. 


Акыркы кездери тышкы карыздан кутуу үчүн элден каражат топтоо демилгеси байма-бай көтөрүлө баштады. Бир кездери чоңдор тарабынан алынып, аны кайсы бир бөлүгү уурдалып кеткен сумманы элге салуу канчалык реалдуу? Буга байланыштуу биз коомчулуктун пикирине кызыгып көрдүк. 

Сиз мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн акча бересизби?

Жок, 1 тыйын да бербеймин 212 добуш (66.25%)
Ооба, берем 108 добуш (33.75%)

Пикирлер (27)

Коопсуздук коду
Омурбек
Албетте Мекенибиз учун бардык нерсеге даярбызда
Айсаналиев Мурат
Акаевтен скеге чейин, жеп жутаттары чиновниктери, табакташ болуп, ичип жешсе, кыргыз элин, сыгаан кылып чилче таратышты, мигрант кылышып, тоо кендин баарын сатышып, 30 жылда, эмне учун, эл толош керек? Ошо жеген ичкендерди, кустурганын кустуруп, соттогонун соттоп, анан коро жатарбыз, жетпей калса, кыргыз эли четте калбайт!
Гулнара
Жеп алгандар берсин деп колубузду жуумп отура берсек, жерибизден айрылып калабыз. Сенин акчаңды алдап алган адамга да: " ошол сага буйрусун",- деп чын жүрөктөн кечирүү керек, Кудайдан күч кубат сура, ошол пенденди кечир де, ал акча сага эртеби кечпи, башка адамдан болобу кайтып келет, өзүң айткан буйрусун деген сөзүн сага кайтат.
Таа
Ел ишенимине ее болгондор кутултсун,мурун жегендерди тапсын.Неге байкуш ел толошу керек?
Сейит
Ушундай оор учурда ким канча колунан келет,бериш керек.Коп тукурсо кол болот.