Теке 27, 2024
Убакыт: 08:53
USD
EUR
RUB

Сурамжылоо: Ош базарынын шаар четине көчүрүлүшүн колдойсузбу?

04.09.2023 12:58
1608
Сурамжылоо: Ош базарынын шаар четине көчүрүлүшүн колдойсузбу?


Бишкек мэри борбор калаадагы Ош базарын  шаар четине чыгаруу пландалып жатканын билдирди. Эмилбек Абдыкадыров жаз мезгилинде көчүрүлөт деди. Буга кошумчалай бул долбоорду президент өзү колдоп жатканын айтып, жашыл шаар калыбына келерин айтты.


Мэрдин бул долбоору шаар тургундарынын бир бөлүгүнө жакса, бир бөлүгү буга нааразы да болуп жатышат.


Биздин редакция окурмандардын ою менен кызыгып көрүп, аларга төмөндөгүчө суроо салат.

Ош базарынын шаар четине көчүрүлүшүн колдойсузбу?

- Жок, мындан башка да чечилбей жаткан көйгөйлөр толтура; 97 добуш (51.05%)
- Албетте, базар четирээкте жайгашканы оң; 86 добуш (45.26%)
- Мага баары бир. 7 добуш (3.68%)

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Салима
Ош базарын коюп, Асман шаарын куруп алгыла. Капсула салынган канча куруштар турат ордунан жылбай
Эсенбекова
Мындан башка койгой чынында толтура башка иштерин кыйрата беришсинчи
Жакыпов Сагынбек
Ош базардын жанындагы Чимкентский кочосун калан иретке келтирет, таштанды селсаяктарга толуп кетти, каналдын жээгине бир барып карап конул буруп койсонуздар, менде толтура видеолор бар, каласаныздар жонотом
Kanybek Kerimkulov
Сөзсүз чыгаруу керек шаардын шаардан болгону жакшы эмеспи... Биздин студенттик кезде көчөгө спортук кийим менен чыгуу уят эле а, азырчы базардаргылар ошол кийими менен ресторанда, театрда жүрүшөт ко ... өзүңдү айылда жүргөндөй сезип кетесиң...
Асылбек Орозов
Чыгарыш керек,