Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева быйыл жай мезгилиндеги пандемия күч алган учурда айрым бейтапканалар алдын ала текшерилбеген дарыларды вируска каршы таратышканын жарыялады. Ал буга Бишкек шаарындагы бейтапканалардын дарыгерлери жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таратканын мисал келтирген. Жайында коронавирус күч алганда Кыргызстанды саламаттыкты сактоо тармагы алы келбей, миңден ашуун адам каза болгону маалым. Буга жооптуу жетекчилерди айыптагандар да жок эмес. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги сурамжылоо жүргүзөт.
Сурамжылоо: Пандемия учурунда каза болгондор үчүн мурдагы жооптуу жетекчилер жоопко тартылышы керекпи?
Пандемияда каза болгондор үчүн мурдагы жетекчилер жоопко тартылышы керекпи?
Ооба
135 добуш (91.84%)
Жок
12 добуш (8.16%)
Пикирлер (3)