13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчётун канааттандырарлык деп таап, муну бышыктаган токтом долбоорун кабыл алды. Ал эми министрлер кабинети берилген тапшырмалар боюнча иштердин аткарылышы тууралуу парламентке ушул жылдын декабрь айында отчет бериши милдеттендирилди. Коомчулукта өкмөттүн отставкасын талап кылгандар менен анын ишин сындагандар басымдуу болуп жатканда эл өкүлдөрүнүн “канааттанганы” туура эле болдубу? “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги ушул багытта окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн