Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:21
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Сурамжылоо: Парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?

01.12.2021 14:42
11879
Сурамжылоо: Парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Ага нааразы болгон жактар да жок эмес. Нааразы болгон партиялар БШКнын имаратынын алдында нааразылыгын билдирип кайрылган учурлар да болду. Шайлоо учурунда БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр болуп, бюллетендерди кол менен эсептөө процесси жүрүүдө.


Бир нече партиялар, саясатчылар, активисттер кайрадан шайлоо өткөрүү талабын коюшууда.

Сиз парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын колдойсузбу?

Жок, шайлоо таза өттү 932 добуш (47.79%)
Ооба, кайрадан шайлоо өтүшү керек 889 добуш (45.59%)
Мага кызыгы жок 129 добуш (6.62%)

Пикирлер (134)

Коопсуздук коду
Кеңешбек
Шайлоо таза эле өттү бир ууч топ чыгып алып кыйкыра бересиңерби Мамлекетти ойлойсунарбы алдыга жылалы жаш муун келе жатат ийгилик ошолорго
Айгүл Кожоева
Болоору болду. Шайлоо таза өттү дей албайм, мурдагы 6-чакырылышты шерменде кылган, билимсиз, бирок акчасы барлар, айрым шектүү партиялар өттү, бирок таза шайлоонун айрым критерийлери аныктала баштады. Кайра өткөрүүгө каражатты жумшаганча, кемчиликтерди оңдогонго, элди кыштан аман алып чыгуу аракетине жумшоо керек.
Эрамир
Шайлоо таза отту, бул шайлоодо Ким чычаласа ада акча коп чачкандын белгиси.
Айнагул Мураталиева
Колдобойм,кереги жок
Майрам
Шайлоо таза өттү, эмне үчүн бир ууч чыр баштардын каалоосу закон болушу керек