Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Сурамжылоо: ЖКда Бишкек шаарынын мэрин жана Экология министрин кызматтан алуу сунушталды. Сунушту колдойсузбу?

15.12.2022 16:46
2068
Сурамжылоо: ЖКда Бишкек шаарынын мэрин жана Экология министрин кызматтан алуу сунушталды. Сунушту колдойсузбу?

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын абасынын булганышын азайтуу жөнүндө маселе каралды.




Жыйындын жүрүшүндө бир топ депутаттар (Ж.Акаев, А.Нышанова ж.б.) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын ишмердүүлүгүн сынга алып, анын кызмат ордун кароону сунуштады.




Ошондой эле Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" тобунун башчысы Элмурза Сатыбалдиев калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун кызмат ордун кароону сунуштады. Депутат сунушту "Мекенчил" фракциясы колдой турганын кошумчалады.


Мындан тышкары, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жаныбек Кыдыкбаев да Сатыбалдиевдин сунушун колдой турганын билдирди.




Депутаттардын нааразылыгына себеп болгон негизги көйгөй Бишкек шаарын ыштын каптап калышы болду.

Сиз Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын кызматтан алынышын колдойсузбу?

Ооба, колдойм! Экөө тең кызматынан кетсин. 120 добуш (53.33%)
Динара Кутманова кетсин! Эмилбек Абдыкадыров иштеп жатат. 78 добуш (34.67%)
Мага баары бир. 15 добуш (6.67%)
Мэр Эмилбек Абдыкадыров кетсин! Динара Кутманова иштеп жатат. 12 добуш (5.33%)

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Шермухамед
Кутманова кетиш керек
Абдибалиева Асел
Кутманова кетсин
Аня пенсионерка
Эмил Абдыкадиров иштесин
Кулмашов илязбек
Иштебей жатат
Эрмеков Алмаз
Кесипкой кадр эмес,келгенден баштап профессионал кадрларды иштен алуу менен баштаган