Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировду депутаттык мандаттан ажыратуу талабы коюлууда.
Мындай талап депутат Абировдун Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде күзөтчү болуп иштеген кызматкерди сабагандан кийин көтөрүлдү.
Аталган окуя президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Пикирлер (9)