Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Жогорку Кеңеште олигархтарды көргүсү келбейт

29.06.2020 16:25
4263
Сурамжылоонун жыйынтыгы:  Көпчүлүк Жогорку Кеңеште олигархтарды көргүсү келбейт


Ушул жылы күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги окурмандар арасында “Сиз кайсы олигархты парламенттен көргүңүз келет?” деген сурамжылоо жүргүзгөн. Коомчулуктун сынына өлкөбүздөгү белгилүү 25 ири ишкер коюлган. Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү Жогорку Кеңеште олигархтардын отурушуна каршы добуш беришкен. 


1. Жогорку Кеңеште олигархтардын отурушуна каршымын - 33 577 добуш;


Ошол эле маалда бир катар бардар инсандарды колдоп, алардын мандат алышын каалагандар да болду. 


Төмөндө алдыңкы орунга ээ болгон, көпчүлүк окурмандарыбыздын купулуна толгон ондукту сунуш кылабыз:


2. Жумадил Бердигулович Эгембердиев, “Шоро” компаниясы - 9 284 добуш;


3. Турусбек Чукуевич Мамашов, “Дасмия” - 9 225 добуш; 


4. Азамат Абдуллажанович Арапбаев, “Дан-нур Юг” ЖЧКсы - 9 175 добуш;


5. Аскар Мааткабылович Салымбеков, “Дордой” ассоциациясы - 9 174 добуш;


6. Каныбек Тургунбекович Туманбаев, жеке ишкер - 8 983 добуш;


7. Даниярбек Бейшенбекович Иманалиев, “Имарат-Строй” курулуш компаниясы - 7 552 добуш;


8. Санжар Нуралиевич Капаров, "Кант ТШП" ишканасы - 7 544 добуш;


9. Шаршенбек Шайлообекович Абдыкеримов, “Аюу холдинг” - 7 531 добуш;


10. Бакыт Эргешович Төрөбаев, ун магнаты - 7 524 добуш;


11. Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева, “Кудайберген” базары - 7 509 добуш.


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн