Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Бишкектеги ышка байланыштуу көпчүлүк мэр Абдыкадыров менен Экология министри Кутманованын кызматтан кетишин колдойбу?

19.12.2022 09:47
423
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Бишкектеги ышка байланыштуу көпчүлүк мэр Абдыкадыров менен Экология министри Кутманованын кызматтан кетишин колдойбу?

15-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын абасынын булганышы менен маселени караган.


Жыйындын жүрүшүндө айрым депутаттар калаа башчысы Эмил Абдыкадыровдун кызмат абалын кароо боюнча токтом кабыл алып, аны президентке киргизүүнү чечкен.


Ошондой эле депутаттар борбор шаарды ыштын капташына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын жетиштүү чара көрө албай жатканын билдирип, анын кызматтан кетишин талап кылган.


Буга байланыштуу "media-center.kg" маалымат агенттиги Сиз Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын кызматтан алынышын колдойсузбу? деген темада сурамжылоо жүргүздү.


Сурамжылоонун жыйынтыгында окурмандардын 53 пайызы "Ооба, колдойм! Экөө тең кызматынан кетсин", 34 пайызы "Динара Кутманова кетсин! Эмилбек Абдыкадыров иштеп жатат", 6 пайыз окурман "Мага баары бир", 5 пайыз окурман "Мэр Эмилбек Абдыкадыров кетсин! Динара Кутманова иштеп жатат" деп добуш берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн