Буга чейин экс-депутат Номанжан Аркабаев Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыгып, коомчулукка аны колдоп берүүгө кайрылган. Бул боюнча биздин редакция көпчүлүктүн пикири менен кызыгып, "Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүү демилгесин колдойсузбу?" деп суроо салган. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү каршы экенин билдиришти.
Төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгы:
1. Жок, мен каршымын - 44,71 % добуш;
2. Иштеп көрсүн, убакыттын өтүшү менен билинет - 30,29 % добуш;
3. Албетте, биздин президент татыктуу - 20,19 % добуш;
4. Билбейм, мага баары бир - 4,81 % добуш.
Пикирлер (1)