Ушул жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги буга чейин парламенттик шайлоого катыша ала тургандай потенциалы бар партияларды окурмандардын сынына койгон.
Сурамжылоо 6-июнь, саат 19:00дөн тарта эсептелбей, ага чейинки добуштар саналды. Анын жыйынтыгы менен “Биримдик” партиясын колдогондор басымдуу болду. Кыргыз тилдүү окурмандардын 1252си өз добушун "Биримдикке" берсе, “Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш менен экинчи орунга чыккан. Буга чейинки шайлоодо алдынкы добуштарды алган КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу партиялар эң аз упай топтогон. Ал эми баарына каршы - 443 добуш берилген.
"Эртең шайлоо болсо кайсы партияга добуш бересиз?" - деген сурамжылоого окурмандар төмөнкүдөй тандоо жасаган:
“Биримдик” - 1252 добуш (35,17%);
“Бүтүн Кыргызстан” - 561 добуш (15,76%);
Баарына каршы - 443 добуш (12,44%);
“Мекеним Кыргызстан” - 352 добуш (9,89%);
“Кыргызстан” - 330 добуш (9,27%);
“Бир Бол” - 173 добуш (4,86%);
“Ата Мекен” - 128 добуш (3,60%);
“Чоң казат” кыймылы - 92 добуш (2,58%);
“Мекен Ынтымагы” - 81 добуш (2,28%);
КЛДП - 37 добуш (1,04%);
“Замандаш” - 32 добуш (0,90%);
“Ата Журт” - 28 добуш (0,79%);
КСДП - 22 добуш (0,62%);
“Республика” - 20 добуш (0,56%);
“Өнүгүү-Прогресс” - 9 добуш (0,25%).
Ал эми орус тилдүү окурмандардын тандоосунда да “Биримдик” партиясы тандагандар басымдуу болду.
Анын жыйынтыгы:
“Биримдик” - 117 добуш (68,02%);
“Кыргызстан” - 22 добуш (12,79%);
Баарына каршы - 12 добуш (6,98%);
СДПК - 5 добуш( 2,91%);
“Бүтүн Кыргызстан” - 3 добуш (1,74%);
“Республика” - 2 добуш (1,16%);
“Ата Мекен” - 2 добуш (1,16%);
“Чоң казат” кыймылы - 2 добуш (1,16%);
“Замандаш” - 2 добуш (1,16%);
“Ата Журт” - 1 добуш (0,58%);
“Бир Бол” - 1 добуш (0,58%);
“Өнүгүү-Прогресс” - 1 добуш (0,58%);
“Мекеним Кыргызстан” - 1 добуш (0,58%);
КЛДП - 1 добуш (0,58%);
“Мекен Ынтымагы” - 0 добуш (0,00%).
Ага баш-аягы сурамжылоого 3 732 адам катышты. Бул окуя кыргыз тилдүү окурмандар арасында көп талкууланып, көпчүлүгү “Биримдик” партиясын колдошорун билдиришкен. Мына ушундай эле пикир орус тилдүү оркумандардын арасында да басымдуу болду.
Пикирлер (13)