Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Конституциянын жаңы долбоорун колдобогондор басымдуубу?

23.11.2020 14:48
2557
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Конституциянын жаңы долбоорун колдобогондор басымдуубу?


17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылып, ал коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Бул долбоорду колдогондор да, ага каршы чыккандар да болуп жатат. 22-ноябрда болсо айрым жарандар Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыгып митинг өткөрдү. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп, 5 күн бою окурмандардын пикирин билди. “Сиз жаңы сунушталган Конституциянын долбоорун колдойсузбу?” деген суроого аны колдогондор да аз эмес болуп чыкты. Төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгын сунуш кылабыз:


- Жок, каршымын - 792 добуш;

- Ооба, колдоймун - 691 добуш. 


P.S. Сурамжылоонун жыйынтыгына сайттын кыргызча жана орусча бөлүмүндөгү добуштар эсептелди.

Пикирлер (14)

Коопсуздук коду
Кулахмат
Азыр шашылыш болуп калат. Конституциянын долбоору кенири талкуудан отуш керек.
Диего
Бир тундо аялы менен чай ичип отуруп жаткан мыйзамды Жапаров уйуно катын экооно колдоно берсин Кыргызстандын онугуп осушу ошол мыйзамына коз каранды эмес Садыр озу мыйзамды сыйлабайт дагы мыйзам озгортом дебей эле койсун
Эрлан
Колдойм Реформа керек
Улукбек
Мен колдойм!
Искендер Бакиров
Азыркы бийликтин моралдык, юридикалык да акылары жок конституцияга кол салышка. Эл шайласын парламентти анан озгортуулорду киргизсин, элдин кучу менен, элге талкууга салсын, референдум кылсын анан эч кандай талаш болбойт болуш керек деп ойлоймун