Айкөл кыргыз эли качып кеткен экс-президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиедин өлкөгө кайтаруу демилгесин колдошот. Биздин редакция өткөргөн "А сиз экс-президенттерди Кыргызстанга алып келүү демилгесин колдойсузбу?" деген сурамжылоодо көпчүлүк уурдагандарын казынага төлөп коюп, ээн-эркин жашап жүрө беришине каршы эмес. Ошондой эле мыйзам алдында жооп берсин дегендер да бир топ экенине ынандык. Төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгын сунуштайбыз:
- Акчасын төлөп, ээн-эркин жүрө беришсин - 48,19 % добуш;
- Келип, мыйзам алдында жооп беришсин - 31,74% добуш;
- Жок, колдобойм - 17,62 % добуш;
- Мага баары бир - 2,46%.
Пикирлер (1)