Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 06:22
USD
87.30
87.80
EUR
89.50
90.50
RUB
0.845
0.880

Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Жеңишбек Токторбаев сунуштаган малга салык салуу мыйзамына каршы

26.05.2023 08:26
379
Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Жеңишбек Токторбаев сунуштаган малга салык салуу мыйзамына каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.


Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом.


Буга байланыштуу "media-center.kg" маалымат агенттиги аталган тема боюнча окурмандардын пикирин билүү максатында  сурамжылоо жүргүздү.


Сурамжылоонун жыйынтыгында окурмандардын 76,47 пайызы малга салык салууга каршы экенин,  20,59 пайызы мыйзам долбоорун колдой турганын жана 2,94 пайыз окурман "мага баары бир" деп жооп берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн