Сүрөткө түшсөң да жакпайт, түшпөсөң да. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИпресске билдирген.
Анын айтымында, ал окуяга өзү да түшүнбөй калган.
"Биз Жылдыз Бакашова менен бирге Нарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышына бардык. Ачылыш аземинен кийин дарыгерлер чогуу сүрөткө түшөйлү деди. Сүрөткө түшөйлү деп жатсак, жергиликтүү аял келип урушуп баштады. Өзүм да түшүнбөй калдым.
Бүгүн Воронцовкадагы ооруканага барып, бейтаптардан кабар алдык. Андан кийин дарыгерлер сүрөткө түшүүнү сунуштады. Дароо четке кактым. Сүрөткө түшсөң да жакпайсың, түшпөсөң да жакпайсың",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн