Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, 2 үй толук күйүп кетти

08.04.2020 09:12
969
Өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, 2 үй толук күйүп кетти


Өлкө аймагында сутка ичинде 4 өрт кырсыгы катталып 2 үй толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Репина көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок экени айтылат.


Ошондой эле, Чүй облусунун Аламүдүн районунунПанорама дачасындагы 100 чарчы метр болгон турак үй толугу менен өртөнгөн.


Мындан сырткары, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 15 чарчы метри күйгөн. Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылына жакын жерде ачык аянтта 80 сотых куураган чөп жана электр мамысы күйгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн