Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Сутка ичинде өлкөдө эки жер титирөө катталды

22.04.2020 09:32
1084
Сутка ичинде өлкөдө эки жер титирөө катталды


Жалал-Абад жана Ош облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү саат 17:50дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында-3 балл, Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында-2,5 баллга чейин сезилген.


Ошондой эле, 22-апрель күнү саат 05:24тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3,5 балл, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Кулчу айылдарында 3 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн