Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 23;
Чүй облусунда – 14;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Инфекциядан
сакайган ак халатчандардын жалпы саны 431ге жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 783 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн