Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Суу каптап кеткен Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолу бир тараптуу ачык

29.07.2020 08:28
1281
Суу каптап кеткен Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолу бир тараптуу ачык


 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кечээ, 28-июлда Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 18-чакырымын суу каптап, кум шагылга толтурду, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.


Учурда унаа жол бир тараптуу ачык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана 17 ЖТИден 1 самовал, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, унаа жолду кеңейтүү иш-чараларын жүргүзгөн.


Бүгүн, 29-июль күнү жумуш улантылат.

 

Гидрометеорология боюнча агенттиги туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүүсү мүмкүн экендиги боюнча шашылыш эскертүү тараткан, деп кошумчаланат маалыматта.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн