Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 02:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Суу ресурстары кызматына 17 атайын техника тапшырылды

20.08.2025 12:50
283
Суу ресурстары кызматына 17 атайын техника тапшырылды


Суу ресурстары кызматына ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн заманбап 17 атайын техника тапшырылды. 


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, техникалар Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган "Ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн техникалык камсыздоону жакшыртуу" аттуу гранттык долбоорунун алкагында берилди.


Тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, JICA`нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро жана Суу ресурстары кызматынын тийиштүү түзүмдөрүнүн жетекчилери.


Долбоор JICA тарабынан 643 302 758 сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат. Анын максаты — Суу ресурстары кызматынын балансындагы сугат жана дренаж каналдарын техникалык тейлөөгө арналган эски техниканы алмаштыруу жана жетишпеген техникаларды толуктоо.


Долбоордун алкагында JICA жалпы 34 даана атайын техника өткөрүп берет. Алардын ичинен бүгүн 17 даанасы тапшырылып, калган бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин берилери белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн