Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Суучул Владислав Шуликону Гиннеске каттоо үчүн каражат керек

01.09.2021 13:36
677
Суучул Владислав Шуликону Гиннеске каттоо үчүн каражат керек

“Дасмия” компаниясынын фитнес-директору Александр Кузнецов Бишкектеги маалымат жыйын учурунда Шуликонун эмгеги эмне үчүн Гиннес китебине кирбей жатканын айтты.


“Гиннес китебине билдирүү калтыруу бүгүнкү күндө бир топ каражатты талап кылат. Ал каражат биздин командада жок”, - дейт ал.


Кузнецов бул багытта жардам көрсөтө турган демөөрчүлөр менен иштешүүгө даяр экендигин белгиледи.


Эскерте кетсек, Владислав Шулико 181 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп жаңы рекорд койгон. Ал 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, 27-августта саат 15:30дар чамасында Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн