Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарган "Түндүк электрдин" кызматкери сыйланды

09.08.2022 12:58
451
Сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарган "Түндүк электрдин" кызматкери сыйланды

Электр монтер Аскар Түлөнов сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн Чүй облусу боюнча "Түндүк электр" ААКтын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды.


Ишканадан билдиришкендей, алардын кызматкери Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен дагы сыйланды.


Аскар Түлөнов И.Разаков атындагы КМТУну аяктагандан кийин 2021-жылдын октябрь айында Жайыл РЭСтин цехине электрик болуп ишке орношкон. 2022-жылдын март айында электр тармактарынын Жайыл участогунун аба чубалгыларын оңдоо боюнча электрикке өткөн. Белгилей кетсек, ал сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.


Эске салсак, 25-июль күнү “Түндүк электр” ААКтын кызматкери Аскар Түлөнов катуу агымга секирип, чөгүп бара жаткан адамды куткарып калган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн