Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Суук аба ырайы айыл чарба секторун ого бетер алсыздантты

02.04.2021 15:25
1185
Суук аба ырайы айыл чарба секторун ого бетер алсыздантты

 

Кыргызстанда быйылкы жылы жаан чачын көп жаап, жаздын келиши кечеңдеп жатат. Гидрометеорологиялык агенттик март айында абанын температурасы республика боюнча 18-20 градуска чейин төмөн болоорун айдын башында эле кабарлаган. Бирок суук аба ырайы менен кошо жаан-чачын көп жаап, нормадан ашык нымдуулук сакталууда. Ошентсе дагы өлкөнүн түштүгүндөгү климаты ысык келип, эки түшүм алууга үлгүргөн айрым аймактардын дыйкандары адаттагыдай эле биринчи түшүмдү эгүүгө киришип калган болчу. Эми минтип кар жаап, күндүн көзү ачылбай жатканы араң жан абалда турган айыл чарба тармагына терс таасирин тийгизип жатканы белгилүү. Бишкек шаарында эрте бышчу өрүктөрдүн гүлдөп баштаганы байкалган, алар да кардын алдында калып үшүк алып кеткен.


Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1 млн 220 миң гектар аянтты түзөт. Анын ичинен 745 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү себилет, 12 миң гектар жерге кызылча айдалат. Дыйканчылык 450 миңге жакын жеке чарба бар. Расмий маалымдалып жатканы менен учурда дыйкандар эгиндин кайсы түрүн айдоону билбей, баш катырып турган учуру.

Жергиликтүү аграномдордун айтымдарында, айдоо иштери 15-20-марттан баштап эле башталышы керек болчу. Бирок, мына апрель келди, иш баштала элек. Кызылча себе элекпиз.

Экономикалык жагынан алып караганда өзүнүн өтө көп терс таасирин тийгизет, дейт экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.

“Бизде жер реформасы болгону менен агрардык реформа болгон эмес. Фермердик чарбалардын бардыгы майда жеке чарбалар. Аларга реформаларды жүргүзүп, ирилештирүү керек эле. Айыл чарба продукциялары сезонго жараша кээде жакшы, кээде начар өндүрүлөт. Көптөгөн зыяндарды тартышат. Ошондуктан камсыздандырууга алыш керек. Илгери колхоз, совхоздун бардыгы аба ырайынын кескин өзгөрүлүүсүнө кабылганда камсыздандырылып турчу. Ошондуктан алар анчалык банкрот болушчу эмес. Азыр камсыздандырылбагандын азабынан бул чарбалардын бардыгы кыйналып отурат”, - деп белгилейт Айылчы Сарыбаев.

Анын айтымында, ушул тапта жер айдоого эле эмес, малга да кыйын болуп турат. Жерге жакшы чөп чыкпай, мал тоюттары түгөнүп, мал-жандыктар арыктап турган мезгилде өтө оор жагдай түзүлдү. Аба ырайынын кескин  өзгөрүүсү, суук болушу, жаздын кеч келиши албетте, өзүнүн тескери таасирин тийгизет.

 - Кыргызстанда ансыз деле экономика алсыз болуп, айыл чарбасына көз каранды болуп турган кезде коронавирус пандемиясы да өзүнүн кедергесин тийгизди. Чек аралар жабылып, коңшулаш мамлекеттер менен экономикалык байланыштар үзүлүп турган чакта аба ырайынын катаал шарттары ого бетер көп зыян алып келет. Ушул тапта базар шартында рыноктук финансы сектор жакшы иштеш керек эле. Анын ичинен камсыздандыруу сектору абдан жакшы иштеш керек болчу. Ошолордун жоктугу өтө оор абалга алып келет.

"Себеби, азыр аз-аздан чыгып калган эгиндерди үшүк алат. Айдап себүү жумуштарыбыз кеч башталат. Бул маселелерди комплекстүү карап, цивилдүү формага алып келиш керек. Бизде азыркыга туура келбеген жапайы формада", - деп кошумчалады профессор.

Ошентсе дагы дыйкандарды, жеке чарбаларды колдоо боюнча жеңилдетилген насыялар бул абалдан татыктуу чыгып кетүүгө түрткү болуш керек. Мындан тышкары тиешелүү министрликтер ойлонулуп жасалган программалары менен фермерлерге стимул берип, ар тараптан колдоо көрсөтүүгө тийиш.   

Эске салсак, өткөн жылы 9-10-апрель күндөрү кар жаап, Чүй болусундагы эгин талаалары кар алдында калган эле. Ошондой эле гүлдөп калган өрүк, алмаларды үшүк алып кеткени белгилүү. Ошол кезде Чүйдө айдоо иштери дээрлик аяктап калган дыйкандарга ыңгайсыз абал жаралган.


 
     

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн