(«Кыялымдагы Кыргызстан» түрмөгүнөн)
Азыркы тапта көбүнесе ГЭСтердин потенциалы тууралуу кеп болуп, эл аралык келишимдерди түзүүдө да ошого басым жасалып жатат. Бирок келечекти эске алсак биринчи иретте күн жана жел генераторлору менен иштеген станцияларды салыш керек деп ойлойм.
Эмне үчүн?
1) Мөңгүлөр азайып, суу да тартылып баратат. Бул жалпы тенденция. Биз экологияны сактаган күндө да дүйнөдөгү кубулуштан тышкары кала албайбыз. Ошондуктан суунун күчүн пайдалануудан мурда мөңгүлөрдү сактоого, сууну үнөмдүү пайдаланууга өткөн оң.
2) Бишкек ЖЭБин күн генераторлору менен иштеген станция кылып кайра куруп чыксак 1-пунктта айтылган маселе, башкача айтканда экология маселеси да чечилмек.
3) Күн менен шамал бизде кеңири. Айрыкча Балыкчы, Кочкор, Шамалды-Сай жактарда, Баткендин тоолуу райондорунда жетиштүү.
4) Менимче бул технологиялар жалпысынан кымбат болушу мүмкүн, бирок ГЭСке салыштырмалуу арзан түшөт деп ойлойм. Анын үстүнө ийкемдүү.
5) Күн генераторлорун мөңгүлөр жайгашкан тоолордун беттерине орнотсок астында көлөкө болуп, мөңгүлөр кайра калыбына келишине да салым кошмок.
6) Колдо турган ГЭСтерге болгон жүктөмдү азайтыш керек. Токтогул ГЭСин тытмалай берип айласын кетирип бүттүк.
7) Күн жана жел генераторлору менен иштей турган станцияларды кайда болбосун орнотсо болот.
Эгерде өлкө толук электрлештирилгенге жол ачып алса электромобилдерге өтсөк болот. Бул да экологияны тазартканга жол ачат.
9) Эгерде өлкө электрге өтсө Орусиянын алдында болгон чоң стратегиялык көз карандылыктан кутулабыз. Анын бири - күйүүчү майга болгон көз карандылык.
Бул айтылган нерселер ГЭСтерге, айрыкча чакан ГЭСтерге каршы келбейт. Болгону чоң ГЭСтерди салуу чоң инвестицияларды талап кылып, узак убакытка созулган сүйлөшүүлөргө, геосаясий шартка такалат экен. Аны карап отурбай алыбызга жараша азыртан эле кыбырай бербейлиби?
Жыргалбек Касаболот, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн