Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:18
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Суусамырда 20 миң гектарды ээлеген алтыгана бадалын жок кылуу аракети көрүлүүдө

16.06.2020 08:44
1492
Суусамырда 20 миң гектарды ээлеген алтыгана бадалын жок кылуу аракети көрүлүүдө

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өз жыйынында Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана караганды бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн жана аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматын укту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

Министр Эркинбек Чодуев Суусамыр өрөөнүндө алтыгана караган бадалы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Бадал Суусамыр боюнча 20 миң гектарга жакын аянтты ээлейт. Министрдин айтымында, Улуттук илимдер академиясынынын илимпоз биологдору бадалды химиялык жол менен жоготууга каршы чыгышып, аны механикалык жол менен жоготууну сунуш кылышууда. Бадалга каршы күрөшүүнүн ыкмаларын аныктоо үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди.


Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар  механикалык ыкма көйгөйдү чече албасын, себеби, натыйжалуу эмес экендигин белгилешти. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү тажрыйба участокторунда алтыгана караган бадалына каршы колдонулган химиялык ыкма отоо чөптөр гана жоголуп, башка пайдалуу өсүмдүктөргө эч кандай зыян келтирбесин көрсөткөнүн айтышты.

 

Талкуунун жүрүшүндө комитет Министрликтин ишин жетишсиз деп тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн