Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Суусамырдагы жол кырсыгы болгон жерден пачка-пачка акча табылды (фото)

27.05.2021 09:57
2323
Суусамырдагы жол кырсыгы болгон жерден пачка-пачка акча табылды (фото)
Бишкек—Ош унаа жолунун Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинде жүк ташуучу унаа менен жеӊил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 киши каза болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Тойота Камри» менен «МАН» кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Камри» унаасындагы 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болду.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу барган. Алар каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, жеӊил унаадан 3 борсетка акча чыкты.

«2 борсетка акча саналбай кетти. Аны тергөөчүлөр алып кетти. Куткаруучулар акчанын саны чыкпай, ызы-чуу болбосун деп ошол жакта жүргөн күбөлөрдүн көзүнчө бир борсеткадагы акчаны санаган. Ошондо туура 840 миң сом чыкты. Калган 2 борсеткада канча акча бар экени белгисиз.

Унаада бир үй-бүлө бараткан экен. Оштон чыгып, Бишкектеги жакындарынын үйүнө баратышыптыр. Айдоочу 1992-жылкы бала экен. Анан эки аял, дагы бир 18 жаштагы жигит жана 10 жашар бала бар экен. Баары каза болуп калды», - деди күбөлөр.

Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн