Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Суваналиев Баткендин таза суу жана сугат суу обьекттеринин курулуштарынан кабар алды

05.03.2021 12:34
2748
Суваналиев Баткендин таза суу жана сугат суу обьекттеринин курулуштарынан кабар алды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Баткен районунун чек аралаш аймактарындагы таза суу жана сугат суу обьекттеринин курулуштарынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, өкүл алгач Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана жергиликтүү элдин социалдык абалын жакшыртуу, чек ара аймагын бекемдөө максатында курулуп жаткан насостук станциянын курулушу менен таанышты.

Насостук станциянынын жалпы наркы 55млн сом болсо, буга чейин аталган обьектке 50млн сом бөлүнүп берилген. Курулуш иштерин 2021- жылдын 25-мартына карата аяктоо болжолдонууда.

Облус башчысы насостук станцияны пайдаланууга берүүнү тездетүү жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди чечүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди жана КР өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүнү өзү да көзөмөлгө алганын билдирди.

Насостук станциянын ишке берилиши менен Ак-Сай айылында 131 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт жана 225 гектар жерге сугат суу берүү жакшыртылат.

Өмүрбек Суваналиев мындай суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу менен жер иштетүү зарылдыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдары инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы булактарын таап, тамчылатып сугаруу системасын колго алуу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган аймакка таза суу обьектисинин курулушу үчүн буга чейин мамлекет тарабынан 13,5 млн сом каражат ажыратылып, Ак-Сай айылына 14 чакырым алыстыктагы Суулуу-Таңги жайлоосунан таза суу линиясы тартылып келген.

Өкүл андан ары Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт участкасын таза суу менен камсыз кылуу долбоору менен жеринде таанышты. Буга чейин аталган айылга жергиликтүү бюджеттен 210 миң сом, Ассафа кайрымдуулук фонду тарабынан 750 миң сом акча каражаты каржыланып, Андиген ичүүчү таза суу линиясынан 5 чакырым аралыкка суу тартылып келген. Натыйжада элдин 60%ы гана таза суу менен камсыз болуп, жаз айларында суунун көлөмү азайгандыктан, суу тартыштыгы жаралат.

Ыйгарым укутуу өкүл аталган айылдын таза суу муктаждыгын чечүү үчүн, бул маселени 2023-2024-жж таза суу боюнча мамлекеттик программага киргизүү менен, аны ишке ашыруу үстүндө иш аракеттер көрүлөөрүн билдирди. Ошондо Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдары толугу менен таза суу менен камсыз болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн