Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Тажикстандан 6 баш мал кайтарылды

28.12.2022 10:57
798
Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Тажикстандан 6 баш мал кайтарылды

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде уурдалган малдар кайтарылды.


Баткен облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажик Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.


Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алды.


 Мурда уурдалып кеткен 3 уй, 3 музоону кыргыз тарап өткөрүп алып, ал эми тажик тараптын 6 баш бодо малын өткөрүп берди.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн