- Сүйөркул аба, эмгекке эрте аралаштыңызбы?
- Он-он эки жашымда жер семирткичти арабага жүктөп алып, талаага чаччумун. Апам оорулуу болуп калып, бригадир анын ордуна мени иштетчү да. Пахта чаптырчу. Апам отуз алты жашында эле өпкө оорудан кайтыш болду. Атам согушка кетип, кайтпай калган. Базар-Коргондогу мектеп-интернатта он жылдыкты бүтүрүп, университетке өттүм. Жээнбай Мукамбаев агай декан болчу. Болот Юнусалиев, Мухтар Борбугуловдор лекция окушчу.
- Сиздер менен кимдер окуган?
- Бердигул Курманкулов, Турар Кожомбердиев, Райкул Сарыпбеков, Жуматай Шаршеев, Акжолтой Текинаев... Текинаев да жазуучу эмес беле. Мени менен чогуу окугандардан аз эле калдык, көбү кайтыш болуп кетишти. Кемел Керимов, Кочкордо Асанкул Караев, биерде Алтынай Жайнакова бар, ал илимдер академиясында “Манас“ таануучу.
- Рыспай аке досуңуз беле?
- Ооба. Ошко барсам эле Рыспай мени үйүнө чакырчу. Бир күнү кечинде барып, Кармышак Ташбаев менен Токтобай Сулайманов экөө мени “Алай” мейманканасындагы люкс бөлмөгө жаткырып коюшту. Уктап калыпмын. Таңга маал телефон шыңгырайт. Алсам, Рыспай экен, “Ошто Рыспай деген бар экенин билбейсиңби? Эмнеге менин үйүмө келбейсиң?” деп эле ыйлап кирди. Кичине эле кызып алса ыйлап ийчү. Мени “келди” деп бирөөлөрдөн угуптур да. Мен “Ала-Тоо” журналынын иштери менен келдим эле. Жолондун айылындагы мектептин ачылышына да барышым керек. Ошон үчүн сага да “жолугуп калышым мүмкүн деп айткан эмесмин” деп араң сооротком. Ошондон кийин Ошко барган сайын Рыспайга жолугуп жүрдүм. Биринчи аялынын аты жаңылбасам, Тоту болсо керек эле. Ал бир кыз төрөп берген Рыспайга. Экинчи аялы Оңолкан Бишкекте калган. Ал дагы бир кыз төрөп берген. Кудалары менен таанышканы келгенде мага жолуккан. “Анан ошол биринчи аялым көчөдөн жолугуп калып, “үчүнчү аялга үйлөнгөн турбайсыңбы. Көрсөтпөйсүңбү, Давлетханыңды” деди эле үйгө ээрчитип барып, экөөнү беттештирип койдум. Экөө мен жөнүндө аябай көпкө сүйлөшүштү. Акырында мен:
“Бириң алтын, бириң бал,
Экөөң биригип төшөк сал,
Экөөң тең болбосоң,
Бишкектеги Оңол бар дедим” дейт.
- Мурза аке менен да жакшы мамиледе болсоңуз керек эле?
- Абдан жакшы элек. Мурза акеден кийин мен жалгыз болуп калдым. Ал киши өзү чакырып, мени жанына алып жүрчү. “Заман Кыргызстан” гезитине да мени чакырып алган. Көрсө, ал кишинин боору ооручу экен. Өзү винону жакшы көрчү. Жалаң вино иччүбүз. Ошо боордон кайтыш болуп калды да. Алтымыш алты жашында кайтыш болду окшойт. “Асабада” иштеген Шайлообек Дүйшеев менен Алым Токтомушев экөө Мурза акени сүйлөтүп, гезитке көп чыгарышты. Мага өзү айтып берген. “Белый поезд” деген киносценарийи орус тилинде “Советская Киргизия” гезитине чыккан да. “ВААПтан Камбаралы Бобулов калем акы берчү эле. Акчаны алып чыгып келатсам, Чыңгыз Айтматов келип калды. “Мен чыкканча кептей тур” деди. Ал чыккандан кийин экөөбүз өкмөт үйүнүн алдындагы көчөдө бир топко чейин басып жүрдүк. Ошондон кийин ал “Ак кемесин” жазган” дечү...
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн