Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүйүн Өмүрзаков Сузактагы блокпостторду текшерди

19.03.2020 09:34
678
Сүйүн Өмүрзаков Сузактагы блокпостторду текшерди


Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусуна барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Сүйүн Өмүрзаков Сузак районундагы атайын блокпостторду текшерүүгө алып, милиция кызматкерлерине кошумча нускамаларды берген.


“Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырамын”, - деген Өмүрзаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн