Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абадда өзгөчө абал кирген аймактардагы постторду текшерди

03.04.2020 18:19
814
Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абадда өзгөчө абал кирген аймактардагы постторду текшерди


Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун өзгөчө абал киргизилген аймактардагы постторунан кабар алды. 


Ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдеттин тарап кетпешин алдын алууга байланыштуу коюлган атайын блокпосттордо кызмат өтөгөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жерде жаралган жагдайлар, элдин арыздары жана сунуштары менен таанышып чыкты.


Сүйүн Өмүрзаков посттордо пайда болгон көйгөйлүү маселелер жана аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде чечип, ошондой эле кызматкерлердин өз деңгээлинде кызмат өтөөсү үчүн жеңилдиктерди карап,  шарт түзүп берүүгө жетишти, деп билдирди Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы.


Аны менен катар кызматкерлерди берилген тапшырманы так аткарып, эл арасында жаралган маселени түшүнүү менен кабыл алып, ооруканага бара жаткан жарандарды, азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, дезинфекция иштерин жүргүзүү керектигин тапшырган.

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн