Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүйүн Өмүрзаков милицияларды өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырды (фото)

06.05.2020 09:55
1075
Сүйүн Өмүрзаков милицияларды өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырды (фото)


Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздукту камсыздоону көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы санитардык-карантиндик посттор менен жеринде таанышты.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, С.Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошев жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен райондогу бир катар айылдарды кыдырып, абал менен таанышып чыгышты. Анда коронавирус илдетинин мындан ары жайылышына жол бербөө маселеси боюнча көрүлүп жаткан чаралар белгиленди.

 

Жергиликтүү тургундарга өзгөчө муктаждык жаралган учурда гана үйдөн чыгууга, аралыкты сактоого жана коомдук жайларга баруудан карманып туруу сунушталды.


Ошондой эле санитардык-карантиндик постторду ар убак дезинфекциялоо керектиги айтылды. Биринчи кезекте санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк товарларын, дары-дармектерди өткөрүү керектиги белгиленди.


Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков азыркы кырдаалда милиция кызматкерлерин жеке гигиенаны сактоо менен өздөрүнүн саламаттыгына да кам көрүүгө чакырды.


Белгилей кетсек,  учурда район аймагына 9 блокпост коюлуп, Каныш-Кыя айылы толук изоляцияга алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн