Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сүйүнбек Касмамбетов: Элдик курултайдын ишине 695 делегат катышууда

15.12.2023 11:10
243
Сүйүнбек Касмамбетов: Элдик курултайдын ишине 695 делегат катышууда


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өз ишин баштады.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултайдын башында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, аймактардан шайланып келген делегаттардын ишине ийгилик каалады.

"Бүгүнкү курултай Кыргызстандын соңку тарыхында 2023-жылы июль айында кабыл алынган Элдик курултай тууралуу Конституциялык мыйзамдын негизинде өлкөдө өтүп жаткан алгачкы курултай", - деди мамлекеттик катчы.

Касмамбетов бүгүнкү курултайга жалпы 695 делегат катышып жаткандыгын билдирди. Анын 551и эркектер, 143ү аялдар. Шайланган делегаттардын ичинен 74ү Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттардын өкүлү.

Жаш курагы боюнча:

  • 30 жашка чейинки 14 делегат;
  • 30 жаштан 60 жашка чейинки 334 делегат;
  • 60 жаштан 80 жашка чейинки 341 делегат;
  • 80 жаштан жогору 5 делегат.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн